Жетөө каза болуп, тогуз адам жабыркады. Ошто ири жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Кара-Сууда жол кырсыгынан жетөө каза болуп, тогуз адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Билдирүүгө ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында "КамАЗ", Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон (3 эркек, 4 аял), ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине ӨКМ башчысынын орун басары А.Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы Н.Шаматов жана 3 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий