• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

COVID-19. 14 саламаттык сактоо объектисинде курулуш жана оңдоо иштери жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Учурда 14 саламаттык сактоо объектисинде курулуш жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.

Ал билдиргендей, учурда 14 саламаттык сактоо объектисинде курулуш жана оңдоо иштери жүрүп жатат.

"Жалал-Абад шаарындагы жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Чайчы айылындагы ооруканалардын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат. Калган 12 объект "Социалдык өнөктөштүк" фондунун эсебинен каржыланып жатат: Ош, Нарын жана Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканаларынын курулушу жана башка облустардагы тогуз саламаттык сактоо мекемесиндеги оңдоо иштери", - деди ал.

Анын айтымында, алардын ичинен алты объект 1-сентябрга, эки объект 3-сентябрга, бир объект 5-сентябрга карата бүткөрүлөт.

"Ал эми республикалык бюджеттен каржыланып жаткан эки объекттин курулушу ноябрь айынын башында бүткөрүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий