• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сот мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду үй камагына чыгарды

Коом 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Сот мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду үй камагына чыгарды. Мындай чечим 16-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылды.

"Мурда айыпталуучуга карата чыгарылган камакта калтыруу чечими 2023-жылдын 24-июнуна чейин үй камагына чыгаруу менен өзгөртүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Жеңиш Разаков алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып кармалган.

.

Пикир

Оставить комментарий