• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Чет өлкөдө иштөө мүмкүнчүлүгү. Эмгек министри Кудайберген Базарбаев негизги талаптарды атады

Коом 0


Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Эми кыргызстандыктар Япония, Түштүк Корея, Германия жана Улуу Британияда иштей алат. Аталган өлкөлөр менен КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги келишим түзгөн. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Министр чет өлкөгө жумушка орношуудагы негизги талаптарды атады.

“Учурда Япония тарап жумушчуларды кабыл алганга даяр. Бирок, ал өлкөгө баруу үчүн япон тилин билүү талап кылынат. Ал эми Түштүк Кореяга баруунун эки жолу бар. Биринчиси, жарандар 4 айлык корей тилин окуу курсуна барып, тест аркылуу өтүшөт. Булар 4 жылга келишим менен кетет. Ал эми экинчи жолу 6 айга айыл чарба багытындагы жумушка орношсо болот. Ал жака тил билүү талап кылынбайт”, – деди Кудайберген Базарбаев.

Ал эми Улуу Британияга акыркы эки жылда 4 миңге жакын жаран барган. Кийинки жылы дагы 2 миң жаранды жөнөтүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий