• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштурган жеке агенттиктерге көзөмөлдү күчөтүү зарыл - делегат

Коом 0

Бишкек, 20.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/.Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштурган жеке агенттиктерге көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда Германиядан келген делегат Залкар Акылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык студенттер виза алган соң, чет өлкөдө жумушка орноштуруу менен алектенген жеке агенттикттердин жардамында чет өлкөгө барып, көрсөтүлгөн шарттар толугу менен аткарылбай, көчөдө калган учурлар көп катталууда.

“Чечүү жолдорун айта кетейин. Биринчиден жеке агенттиктердин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү керек. Ошондой эле акчасын алып мыйзам бузган агенттиктердин, лицензиясынан ажыратуу жана текшерилгенден соң алардын тизмесин жарыялоо. Ошондой эле кыргыз студенттери үчүн жеткиликтүү маалымат таратуу”,-деди ал.

Мындан тышкары, ал Бишкек - Франкфурт аба каттамын ачууну суранды.

“Ага шарттаган бир нече факторлор бар. Биринчиси транспорттук хаб, экинчиси рыноктун көлөмү жана атаандаштык, үчүнчүсү салык төлөмдөрдүн аздыгы, төртүнчүсү экономикалык жана саясий байланыштар. Бул факторлордун бардыгы Бишкек - Франкфурт аба каттамынын Бишкек - Берлин аба каттамына караганда көбүрөөк мааниге ээ экендигин билдирет”, - деп белгиледи делегат.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 698 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий