• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектеги Үсөнбаев көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Бишкекте Үсөнбаев көчөсү Токтогул көчөсүнөн Сыдыков көчөсүнө чейин Абдрахманов көчөсүнө чыгуу менен капиталдык оңдоодон өтө баштады.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы жолдун узундугу 280 метр, туурасы 4 метр. Ошондой эле ирригациялык системаны орнотуу менен туурасы 1,5 метр тротуар орнотулат.

Эски асфальтты сыйруу, бордюрду демонтаждоо иштери аяктады. Бүгүн түтүктөрдү орнотуу башталды.

Ошондой эле жакынкы арада Конорчок көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн дарыяга чейинки жолду 1 350 метр узундугу менен капиталдык оңдоону баштоо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий