Бишкек, 09.06.21. /Кабар/.Чет өлкөлүк туристтин унутуп кеткен сумкасы менен акчасын таап берген Токтогул милициясынын кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Токтогул райондук мамлекекттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.
Буга чейин Токтогул райондук милициясы германиялык туристтин унуткан акча-буюмдарын таап бергендиги жөнүндө маалымат берилген.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев Токтогул РИИБнин жогорудагы факт боюнча ак ниеттик менен кызматтык милдеттерин аткарган кызматкерлерин райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасы менен сыйлады.
Райондун аймагында коомдук тартипти сактоодо, коопсуздукту камсыз кылууда, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана алдын алууда талыкпай эмгектенип, ийгиликтерге жетише берүүлөрүнө тилектеш экенин билдирип, аларга бекем ден соолук каалады.
Пикир
Оставить комментарий