• 87
  • 90.41
  • 0.84

Чет өлкөлөрдө КР жарандарынын укуктарын коргоо боюнча кандай иштер жасалууда?

Коом 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2023-жылдын октябрь айында кандай иштер жасалганы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, министрликтин жетекчилиги астында Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  • чет өлкөдө жүргөн КР жарандарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча барган өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү менен 112 жолугушуу өткөрүлдү;
  • 21 744 консулдук кызмат жана 24 963 консулдук иш-аракеттер көрсөтүлдү;
  • көйгөйлүү маселелерди чечүүдө / укуктарын коргоого консулдук-укуктук жардам көрсөтүү, анын ичинде укук коргоо жана сот органдарында мекендештердин 1 210 кайрылуусу каралды;
  • консулдук-укуктук маселелер боюнча 10 551 кишиге консультация берилди;
  • Кыргызстандын 1500 жаранын, анын ичинде чет өлкөдө оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандарды мекенине кайтарууга жардам көрсөтүлдү;
  • Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен кырсык болгон жерлерге, чет мамлекеттердин укук коргоо жана сот органдарына, ооруканаларга жана моргдорго 108 консулдук чыгуулар уюштурулду;
  • Кыргыз Республикасынын 150 жаранына чет мамлекеттин аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштырууга жардам көрсөтүлдү;
  • консулдук кызматкерлеринин жардамы менен 40 мекендешибиз административдик жана кылмыш куугунтугунан бошотулду;
  • консулдук кызматкерлер Казакстандын, Кувейттин жана Россиянын сотторунда Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн 11 соттук отурумга катышты;
  • Вьетнам, Индия, Италия, Казакстан, Корея, Россия, Түркия, АКШ жана Франциядан каза болгон Кыргызстандын 37 жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүгө жардам көрсөтүлдү;
  • жашы жете элек төрт баласы бар эки үй-бүлөнү куралдуу кагылышуу болгон аймактардан эвакуациялоого жардам көрсөтүлдү;
  • ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек Кыргыз Республикасынын жараны Россиядан мекенине кайтарылды;
  • 5 мекендешке 213 500 миң сомго жакын төлөнбөгөн эмгек акысын өндүрүү маселеси оң чечилди;
  • Кыргызстандын жарандары болгон камактагылар менен консулдук жолугушууларды өткөрүү үчүн Анталья (Түркия), Будапешт (Венгрия), Вильнев-ле-Магелон (Франция), Волгоград (Россия), Кызыл (Тыва Республикасы, Россия), Тараз (Казахстан) шаарларындагы, ошондой эле Жамбыл (Казакстан), Курган (Россия) жана Москва (Россия) облустарындагы түзөтүү мекемелерине консулдук чыгуулар уюштурулду;
  • Екатеринбург (Россия) жана Якутск (Россия), ошондой эле Балыкесир (Түркия) шаарларында чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайларга консулдук сапарлар уюштурулуп, барган өлкөдөн депортацияланууну/ административдик жол менен чыгарууну күтүп жаткан мекендештер менен жолугушуулар өткөрүлдү;
  • Кызыл (Республика Тыва, Россия), Монреаль (Канада), Самара (Россия), София (Болгария), Тараз (Казахстан), Тбилиси (Грузия), Торонто (Канада), ошондой эле Шымкент (Казахстан) шаарларында Кыргызстандын жарандары үчүн жеринде консулдук кызмат көрсөтүлдү;
  • диаспоралар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында кыргыз диаспора уюмдарынын жана коомдук бирикмелеринин катышуусунда 67 иш-чара өткөрүлдү;
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешке, «Мекендештер» форумуна жана Элдик Курултайга даярдыктар көрүлдү;
  • Министрликтин консулдук кызматынын жетекчиси менен видеоконференция форматында кыргыз диаспорасынын 100дөн ашык өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулуп, анда Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөрдө жүрүүсүнө байланышкан маанилүү жана актуалдуу маселелер көтөрүлдү;
  • Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде жүргөн 83 адамдан (21 аял киши и 62 бала) турган КР жарандарын репатриациялоо боюнча «Айкөл-3» атайын операциясы ийгиликтүү ишке ашырылды;
  • Сириянын түндүк-чыгышына качкындар үчүн керектүү дары-дармектер менен гуманитардык жардам жеткирилди;
  • Афганистандын Улуу жана Кичи Памирине гуманитардык жүк жеткирилип, анын тургундарына медициналык жардам көрсөтүлдү;
  • Чикаго полициясынын, ошондой эле Чикаго шаарынын башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда АКШда жүргөн жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча акысыз семинарларды уюштуруу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Министрлик чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте КР жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүктөлгөн милдеттердин алкагында бул багытта жигердүү иштерди улантат.

Пикир

Оставить комментарий