• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте «Arzu» жана «Time Out» кафелери демонтаждалууда. Ордуна эмне пайда болот?

Коом 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Тоголок Молдо, 7а көчөсүндө жайгашкан «Arzu» жана «Time Out» кафелерин демонтаждоодо.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин башкармалыктын жана ишкананын кызматкерлери «Time Out» кафесинин бастырмасын алып салышкан.

Белгиленгендей, аталган аймакка эч кандай имарат салынбайт, мурда болгон «Спартак» стадионунун кичи аренасы калыбына келтирилет. Бошотулган аймакта жашыл бак-дарактарды реабилитациялоо жүргүзүлөт.

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан чакан аренанын эскиздик долбоору иштелип чыкты. Долбоордо спорт залдары, судьялык жайлар, чечинүүчү жайлар жана машыктыруучулар зонасы, административдик жана башка жайлар каралган.

Өз убагында, 2000-жылдын башында объекттерди курууга уруксат берүүчү документтер берилген. Укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, баа берүү боюнча иш алып барууда.

Чакан аренанын баштапкы долбоорунда каралбаган бардык объекттер демонтаждалат, ал эми ээлерине башка участоктор берилет.

Белгилей кетсек, кафелердин ээлерине эскертүү берилип, алар түшүнүү менен мамиле жасап, демонтаждоодо көмөк көрсөтүшүүдө.

«Time Out» кафесинин аянты 1126 чарчы метрди, «Arzu» кафесинин аянты 1635 чарчы метрди түзгөн. Жалпысынан 2761 чарчы метр, башкача айтканда, 27 сотых жер бошойт.

Пикир

Оставить комментарий