Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. КРнын министрлер кабинетинин төрагасы — президенттик администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин дарегине чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан кирип келген жаңы жыл майрамы менен куттуктоо телеграммалары келип түштү.
Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Адылбек Касымалиевди жаңы жылдык майрамы менен куттуктады.
“Достук жана өнөктөш орус-кыргыз мамилелери кеңири чөйрөдө жигердүү өнүгүп жатат. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтык чыңдалууда. Энергетика, өнөр жай, санариптик экономика, айыл чарба жана башка тармактарда ири долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда.
Келерки жылы Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында эки тараптуу байланыштардын бардык спектрин өнүктүрүүгө даяр экенимди ырастайм.
Сизге, урматтуу Адылбек Алешович, чың ден соолук жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм, - деп белгиленет куттуктоодо.
Пикир
Оставить комментарий