• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

KT Corporation директорлор кеңешинин мүчөлөрү өлкөнүн инвестициялык климаты менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.07.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Korea Telecom Corporation (Корея Республикасы) директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Кыргызстан КТ Corporation корпорациясынын Директорлор кеңеши толук курамда сапар менен келген алгачкы өлкө болду.

KT Corporation директорлор кеңешинин төрагасы Канг Чунг Гу белгилегендей, алардын иш сапарынын негизги максаты - өлкөнүн инвестициялык климаты жана бизнес чөйрөсү менен таанышуу.

Жолугушуу учурунда КР президентинин администрацисынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Исанов кореялык тарапка өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук потенциалы, ошондой эле санариптештирүү пландары боюнча бетачарды тартуулады.

Жолугушууда тараптар түз инвестиция, телекоммуникация жана санариптештирүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий