• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Президенттин администрациясы: Өлкө балдарын коргоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыты

Коом 0

Бишкек, 05.07.22./Кабар/. Президенттин администрациясы өлкөнүн балдарын коргоо жалпы мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири жана президент Садыр Жапаровдун маанилүү приоритети экенин билдирет. Муну мамлекет башчысы бир нече жолу белгилеген.

Белгилей кетчү нерсе, айрым кейиштүү окуялар бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын гана айгинелейт.

Учурда аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу максатында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясы жана бул стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планы иштелип чыккан.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын 2022-2026-жылдарга балдарды коргоо боюнча программасынын долбоору иштелип чыккан. Анын ичинде, учурда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөө үчүн социалдык кызматкерлердин кошумча штаттык бирдиктерин киргизүү маселеси иштелип чыгууда.

Балдарга карата зордук-зомбулук маселелери балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып, бул багыттагы иштер боюнча өлкө президенти Садыр Жапаровго өз убагында маалымат берилери белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий