• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Чикаго шаарында Кыргызстандын желегин көтөрүү аземи өттү

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Чикаго шаарында биринчи жолу Башкы консулдук тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик туусун көтөрүү аземи өттү.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, иш-чара жергиликтүү бийлик органдары менен болгон келишимдин алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган.

Салтанатка АКШнын мамлекеттик органдарынын, дипломатиялык корпусунун, кыргыз диаспорасынын жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү катышып, башкы консул Болотбек Борбиев куттуктоо сөзүндө бул тарыхый окуянын кыргыз эли үчүн маанисине токтолуп, биримдиктин, каада-салттын, маданий мурастын маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин Тышкы миссиялар кеңсесинин аймактык директору Линдси Фэйр жана Кук округунун казыначысы Мария Паппас кыргыз диаспорасынын Чикагонун маданий көп түрдүүлүгүнө кошкон зор салымын белгилешип, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого үмүтүн билдиришти.

Иш-чарада Кыргызстан жана АКШнын гимндери аткарылып, кыргыз өнөрпоздору улуттук бийлерди жана ырларды, анын ичинде комузда белгилүү күүлөрдү аткарышты.

Башкы консулдук бардык катышуучуларга жана конокторго бул маанилүү иш-чарага колдоо көрсөткөндүгү жана катышкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий