Чикагодо кыргызстандыктар арасында кыргыз тилине арналган флешмоб өттү

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын башкы консулдугу "Kyrgyz Community Center" Кыргыз коомчулук борбору менен биргеликте АКШнын Чикаго шаарында кыргызстандыктар арасында "Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун" деген темада флешмоб уюштурду.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, флешмоб манас эпостун уламыштарын айтуу, кыргыз көчү, бешик ыры, кара жорго бийи, топ таш, чүкө оюндары жана башка кыргыз элинин ар-түрдүү улуттук каада-салт, үрп-адат жана маданиятын көрсөтүү менен коштолду.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун 1999-жылдагы чечими менен 21-февраль - Эне тилдин эл аралык күнү болуп бекитилген. КР министрлер кабинетинин чечими менен 2023-жылдын 21-январынан 21-февралына чейин Кыргызстанда "Эне тил күнүнө карата бир айлык" жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий