• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Депутат Аида Исмаилова: Мени фарммафиянын өкүлдөрү коркута баштады

Коом 0

Бишкек. 14.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин жумушчу тобу Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги көптөгөн мыйзам бузууларды таап чыккан. Ошондон бери аларды жана мени фармацевтикалык мафиянын өкүлдөрү коркута баштады. Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анан айтымында, жумушчу топтун эксперттери министрликте бир катар мыйзам бузууларды аныктаган, эми аларга карата коркутуп-үркүтүүлөр болууда.

"Алдын ала иликтөөлөргө караганда, мамлекеттик сатып алуулардын гемодиализ жаатында эле 75 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Ал эми Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жооптуу кызмат адамдарына карата 10 кылмыш иши козголду. Алар 22 млн сом зыян келтирген деп шектелүүдө", - деди депутат.

Исмаилова Башкы прокуратура мында мыйзам бузуу жосундары жетекчиликтин өз милдетин талаптагыдай аткарбагандыгынан улам болгонун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий