• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Чоң-Алай районунун сел каптаган аймагына ыкчам топ тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Чоң-Алай районунун сел каптаган аймагына ыкчам топ тартылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн саат 16:00 чамасында Чоң-Алай районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Чоң-Кызыл-Эшме айылында көчөлөрдү каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүгө Чоң-Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылды. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий