Бишкек, 22.04.07 /Кабар/. Кечээ, 6-апрелде Ош облусунда саат 17:49да күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Чоң-Алай районунун Кулчу, Жар-Башы, Чак жана Кара-Шыбак айылдарында 3 баллга,Шибээ жана Дароот-Коргон айылдары 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жок.
Пикир
Оставить комментарий