Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. ӨКМдин Чоң-Алай районук бөлүмүндө Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин окуучулары үчүн “ачык эшик” күнү өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга өрт коопсуздугунун эрежерлери, өрт чыкккан мезгилде өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери, туура эвакуациялоонун жолдору үйрөтүлдү.
Жыйынтыгында окуучуларга өрт өчүрүүчү шаймандарды кантип колдонуу керектиги практика жүзүндө көрсөтүлүп, өрт өчүрүүчү автоунаалар тааныштырылды.
Пикир
Оставить комментарий