• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Оштогу аярлуу үй-бүлөлөргө Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу колдоо көрсөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Ош облусундагы аярлуу үй-бүлөлөргө Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусундагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Россиядан колдоо көрсөтүү максатында Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасына (БУУ ДАТП) 945 тонна байытылган ун жөнөттү. Ун өлкөдөгү жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган 31 500дөн ашуун аярлуу үй-бүлөгө жардам катары берилет.

Инфраструктураны өнүктүрүү жана келечекте азык-түлүк коопсуздугуна түзгөн коркунучту алдын алууга багытталган 500дөн ашуун коомдук долбоорго катышкан ар бир аялуу үй-бүлөгө 150 кг байытылган буудай уну жана 15 литр өсүмдүк майы берилет. Бул аркылуу жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган үй-бүлөлөр негизги азыктануу муктаждыктарын канааттандыра алат.

Коомдук долбоорлорго сугат тармактарын жана айдоо аянттарын калыбына келтирүү, токойлорду кеңейтүү жана көпүрөлөрдү куруу сыяктуу иштер камтылган.

Россия Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылдын аралыгында Россиянын өкмөтү БУУ ДАТП аркылуу Кыргызстандын жарандарына ар кандай деңгээлде, анын ичинде өзгөчө кырдаал учурунда жардам көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий