• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек ара кызматы: Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү жайлары штаттык режимде иштөөдө

Аймак 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 10-июлунан баштап “Достук-автожол” өткөрүү жайында жүргүнчүлөрдүн жана транспорт каражаттарынын агымы көбөйгөн. Тактап айтканда, бир сутка аралыгында өткөрүү жайынан 18 миң – 22 миң адам өтөт.

2023-жылдын алты ай аралыгында “Достук-автожол” бекети аркылуу мамлекеттик чек араны 2 млн 800 миң адам, 68 миң бирдиктен ашуун транспорттук каражат кесип өткөн. Ал эми өткөрүү жайынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү тынымсыз чек ара көзөмөл жүргүзүүнү эсепке алганда сутка аралыгында 16 миң 400 адамды өткөрүүгө ылайыкталган.

Жарым жыл ичинде өткөрүү жайынын аскер кызматчылары туура эмес документ көрсөткөн 595 жаранды аныкташкан.

2023-жылдын 6 ай аралыгында гана "Достук-автожол“ өткөрүү жайынын чек арачылары жалпы суммасы 51 млн 652 миң сомду түзгөн аткезчилик жүктү кармашкан, анын ичинде алтын буюмдар жана чет элдик валютадагы акча каражаттары да болгон.

“Достук-автожол” КӨЖ аркылуу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын кесип өтүүчү адамдардын жана транспорттук каражаттардын саны олуттуу өскөнү кезек күткөндөрдүн эсеби көбөйгөнгө, ошондой эле Ош облусунун базарларында дүңүнөн соода жүрө турчу күндөрү (шейшемби, ишемби) өткөрүү жайынын алдында жеңил автоунаалардын топтолушуна себепчи болууда.

Мындан тышкары, туристтик сезон убагы болгондуктан Кыргызстанга кирген, ошондой эле Кыргызстандан Өзбекстанга чыккан туристтердин агымы жогорулган.

“Достук-автожол” өткөрүү жайында мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, барган сайын аларды дагы да жакшыртуу боюнча иштер уланууда.
Учурда өткөрүү жайында паспорттук көзөмөл жүргүзүүчү 33 кабина орнотулган, алардын ичинен 23ү иштейт.

“Достук-автожол” эл аралык КӨЖ күнү-түнү иштейт.

Пикир

Оставить комментарий