• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто “Түштүк-ЭКСПО-2021” эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-30-сентябрь күндөрү Ошто “Түштүк-ЭКСПО-2021” эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага 500дөн ашуун жергиликтүү ишкерлер, чет өлкөнүн элчилери, дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Аталган иш-чаранын алкагында чет өлкөдөн келген коноктор Ош облусундагы бир катар ири ишканалар менен таанышып, жергиликтүү ишкерлер менен кызматташуу тууралуу келишимдер түзүлөт.

“Түштүк-ЭКСПО-2021” Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкеси максаты - Ош облусунда эл аралык соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, мындан ары бекемдөө, инвестиция тартуу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өндүргөн товарларын экспортоого колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий