• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-февралда Бишкек шаарынын Ауэзов көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 1985-жылы туулган К.И. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Бүгүн издөө иштери үчүн тартылган 6 куткаруучу ыкчам аракетинин натыйжасында саат 10:30да маркумдун сөөгүн суудан таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий