Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Чоң Чүй каналына 21-июлда 16 жаштагы А.Ч., аттуу өспүрүм түшүп кеткен.
ӨКМден билдиришкендей, жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө сегиз куткаруучу, үч милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 11 адам тартылган.
“Кеч киргенине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган. 22-июль күнү издөө улантылат”, - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий