• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тоң районунда жеңил унаа өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Тоң районунда жеңил унаа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл жана Большевик айылдарынын ортосундагы жолдо “Ауди-80” үлгүсүндөгү унаа күйгөн.

Жерине Тоң районунун №38 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, өрт саат 14:24 дө чектөөгө алынып, саат 14:35де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт электр зымдарынын чыгалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий