• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Чоң Чүй каналынан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Чоң Чүй каналынан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштерине 10 куткаруучу 2 кайык менен чыгышкан.

Ага чейин Чоң Чүй каналынан жарандар белгисиз адамдын сөөгү агып баратканын көрүп, куткаруучуларга маалымат берген. Куткаруучулар аталган жарандын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эске салсак, 23-август күнү Көк-Жар айылында Чоң Чүй каналына 2009-жылы туулган А.А. аттуу эркек бала түшүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий