Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутатына карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутатына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-майда Ысык-Көл РИИБде аракеттерге укуктук баа берүү жана тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүү фактысы катталган. Текшерүүгө социалдык тармактарда тараган 1988-жылы туулган Чолпон-Ата шаардык кеңешинин учурдагы депутаты жана Камчы Көбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жаран Т.С. тартылган видео негиз болгон. Видеого анын Мамлекеттик салык кызматынын жана башка кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратып, аларды коркутканы түшүп калган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Т.С.нын видеого жазылган сөзүнүн негизинде соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусунда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине карата коркутуулардын жана зордук-зомбулуктун лингвистикалык белгилери аныкталган, ошондой эле Т.С.нын сөзүндө көптүк санды колдонуу менен тастыкталган массалык башаламандыктын уюштурулушу мүмкүн экендигин көрсөткөн.

Жогорудагы аракеттерде кылмыштын белгилери бар экени эске алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кийин Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте кылмышка шектүүнү кармашып, уюактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий