Чолпон-Ата шаарында “Ден соолук” спартакиадасы старт алды

Спорт 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарынын “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясынын спорттук базасында 22-июнда билим берүү мекемелеринин кызматкерлери арасында “Ден соолук” спартакиадасынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

“Ден соолук” спартакиадасы билим берүү системасынын кызматкерлери арасында дене тарбия жана спортту жайылтуу жана өнүктүрүү максатында өткөрүлөт.
Ачылыш аземге “Жаштык” дирекциясынын директору Урмат Асанбаев, Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин директору Эркинбек Абдылдаев жана Чол-Ата шаарынын мэри Бердибек Иманбеков катышты.

Белгилей кетсек, 22-июнь күнү “Ден соолук” спартакиадасынын алкагында волейбол, кичи футбол, тогуз коргоол, ордо жана стол үстүндөгү теннис боюнча мелдештер старт алды.

Спартакиада 2021-жылдын 28-июнга чейин уланат. Жалпысынан мелдештерге 1 миң кызматкер катышып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий