Чолпон-Ата шаарында "Санарип — Ысык-Көл" борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Күзөт кызматынын Чолпон-Ата шаардык күзөт бөлүмүндө санариптештирүүнүн алкагында жана туристтик сезондун башталышына байланыштуу "Санарип — Ысык-Көл" борбору ачылды.

ИИМден билдиришкендей, ошондой эле аталган борбор Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата уюштурулган.

Иш-чарага Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров, Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов, Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Иш-чарада конокторго GPS картасы жана боди-камералары менен жабдылган кармоочу топтордун чалуу кызматынын түз эфири көрсөтүлүп, катышуучулардын диспетчердик бөлмөсүндөгү цифралык байланыштын иштеши тууралуу айтылды.

Долбоордун негизги — максаты корголуучу объекттердин автоматташтырылган маалымат базасын түзүү. Бул маалымат базасы чиймелерди, сүрөттөрдү, жооптуу адамдардын тизмеси жана блоктоочу аймактар боюнча маалыматтарды камтыйт. Мында бир сервердик башкаруу тутумунан электрондук планшеттерине корголуучу объекттен сигналын автоматтык түрдө кабыл алуу маанилүү жагдай болуп саналат.

Жыйынтыгында Күзөт кызматынын Ысык-Көл райондук күзөт бөлүмүнө видеодубал (лэд экран) орнотулуп, боди камералар берилип, программалар жүктөлүп ИИМдин бирдиктүү базасына кошулду. Боди камераларда чогулган маалыматтарды автоматтык түрдө көчүрүп алуучу архивдик сактоочу сервердик каражаттынын "Докстанциясы" компьютердик жабдыгы нөөмөт бөлүмүнө орнотулуп ишке берилди.

Мындан тышкары, чакырылган конокторго "Санарип-Ысык-Көл" дубал байланышынын иштеши менен тааныштырылды. Бул санарип багытында жетишкендиктер туристтик сезондо дагы тиешелүү деңгээлде көптөгөн иштерди жеңилдетээри белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий