• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Чолпон-Ата шаарында сел суусу агып өтүүчү каналдын курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Ысык -Көлдүн Чолпон-Ата шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү сел суулардын каптоо коркунучунан коргоо максатында курулуп жаткан каналдын курулуш иштери толук аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каналдын узундугу 212 метрди түзүп, анын 147 метри Япония өлкөсүнүн колдоосунун жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын жардамы менен, ал эми 65 метри "Кызыл Ай" коому тарабынан каржыланып, канал "Г-150" түрүндөгү бетон плиталары менен жасалды.

Ошондой эле учурда Бактуу-Долоноту айылынын Жүдөмүш-1 сел суулары өтүүчү каналынын 414 метри жасалып, "Г-120" бетон плитасы коюлууда.

Белгилей кетсек, аталган курулуш иштери ӨКМ жетекчилиги демилгелеп, Ысык-Көл району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан "Кызыл Ай" коому, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Япония өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан пилоттук долбоор болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий