• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

УКМК: Чолпон-Ата шаарында түнкү клубдан баңгизаты табылды

Укук тартиби 0


Бишкек. 06.08.24. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында түнкү клубдан баңгизаты табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-августта атайын кызмат тарабынан баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун имаратында жайгашкан "Сьюзи Вонг" түнкү клубунда 4 даана гашиш баңгизаты табылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча аталган баңги каражаты оюн-зоок мекемесине келгендерге таандык.

Мындан тышкары, түнкү клубдун ээлери тарабынан салык мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталып, бул тууралуу тиешелүү акт түзүлдү.

Учурда УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагындагы оюн-зоок жайларында эс алып жаткан жаштар арасында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий