• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Чолпон-Ата шаарында Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 24-декабрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып, мамлекеттик катчы өлкөдө кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрүнүн бири, кыргыз элинин чыныгы баатыры Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган иш-чаралар жыл бою өткөнүн эске салды. Мындай иш-чаралар кийинки жылдары дагы уланат.

Ал Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгүн илимий мекемелерде, ЖОЖдордо изилдеп, доктордук, кандидаттык диссертацияларды даярдашууда.

Мындан сырткары, Казакстандын Алмата шаарында ноябрда, Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында чыгаан мамлекеттик ишмердин 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өткөн.

«Мен өзүм тарыхчымын. Биз окуп атканда бул киши тууралуу болгону жарым эле абзац бар эле. Касым Тыныстанов, Зияш Бектенов, Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахмановдор болгон деп эле койчу эле. Эч ким бул адамдарды даап айта алган эмес. Ал кезде башка доор болгон эле. Улуттук аң сезимди ойготуучу, улуттун негиздөөчүлөрүнүн өмүр баянын окутуу ошол кезде балким опурталдуу болгондур», — деп белгиледи мамлекеттик катчы.

Ошондой эле кыргызстандыктардын арасында өлкөнүн кызыкчылыктарын барынан жогору койгон уул-кыздары көп болгонун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий