• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда салттуу музыка жумалыгы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жайгашкан Маданият техникумунда салттуу музыка жумалыгы өтүүдө.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын алкагында салттуу музыкалык аспаптар жаңырып, тарых-таржымалы тууралуу жаштарга маалымат берилүүдө.

Саамалыкта кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар боюнча да атайын докладдар даярдалып, ыр-бийлер менен коштолууда.

Иш-чарада мекеменин эмгек жамааты жана студенттер тарабынан улуттук кийим жана музыкалык аспаптардын көргөзмөсү уюштурулган.

Белгилей кетсек, салттуу музыка жумалыгы 2009-жылдан тарта белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий