Чолпон-Атада аймактарда искусствону жайылтууну көздөгөн уникалдуу көргөзмө ачылды

Маданият 0

Бишкек, 25.10.23./Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейинде "Искуство - өнөр келечек муундун шам чырагы" аттуу төрт күндүк көчмө көргөзмө ачылды. Бул тууралуу "Сорос-Кыргызстан" фондунан билдиришти.

Фонддун маалыматына караганда, бул уникалду көргөзмө КР Эл сүрөтчүсү, айкелчи О.М.Мануилованын 130 жылдыгына карата анын үй-музейинин негизинде "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Долбоордун автору Шекербек Ыманбаев айткандай, иш-чаранын негизги максаты коомдун, өзгөчө аймактарда жашаган жаш муундун өнөргө болгон кызыгуусун арттыруу жана өнөр аркылуу өзүн өзү чагылдыра алуусуна өбөлгө түзүү болуп эсептелет.

“Учурда калктын калың катмары искусство-өнөр дүйнөсүнөн алыстап, күнүмдүк турмуш менен алектенип калды. Биздин уюштурган көчмө көргөзмөбүз ушул көйгөйдүн чечилишинин башаты болот деп ишенебиз", - деген Ыманбаев көркөм өнөр дүйнөсүнө аралашып, чопо менен иштөө жана калем менен сүрөт тартуу техникасын жакындан таанууга чакырды.

Бул күндөрү көчмө көргөзмөнүн алкагында чопо менен иштөө боюнча жана калем менен сүрөт тартуу техникасы боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Буга чейин төрт күндүк иш-чара Талас шаарынын тургундары үчүн өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий