• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Чолпон-Атада аскердик кармаш уруш боюнча КМШ өлкөлөрүнүн спартакиадасы башталды

Спорт 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Бүгүн Чопон-Ата шаарында аскердик кармаш уруш боюнча КМШ өлкөлөрү арасында Эл аралык XVI спартакиада башталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь жана Россиядан келген 80ден ашык спортчу катышууда.

Эл аралык спартакида 13-июль күнү жыйынтыкталат.

Кыргызстандын курама командасынын тизмеси:

- 57 кг Азирет Төлөнов;
- 60 кг Эрнис Шаршенбек уулу;
- 65 кг Айдин Асанов;
- 70 кг Айбаз Орозбеков;
- 75 кг Давлет Канатбеков;
- 80 кг Сыймык Жаныбек уулу;
- 85 кг Бекнияз Жуматаев;
- 90 кг Асанбек Алымсеитов;
- 95 кг Айдарбек Сардарбеков;
- +95 кг Эламан Каныбек уулу.

Курама команда башкы машыктыруучу Ниязали Усманов жана машыктыруучу Сергей Дубовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Пикир

Оставить комментарий