Чолпон-Ата, 07.10.18. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган III "Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары" эл аралык Ысык-Көл форуму уланууда.
Форум үч секцияга бөлүнгөн:
- Заманбап дүйнө жана маданий өзүнчөлүк: "Дүйнө бизди өзгөрттү,биз дүйнөнү өзгөрттүк";
- Моралдык баалуулуктар жана "Күн сайын адам болуу" гуманизми;
- Экологиялык чөйрө жана коопсуздук: "Баарыбыз бир кайыктабыз".
Ага дүйнөнүн ар кайсыл өлкөсүнөн келген 70ге жакын делегат катышууда. Алсак, Россия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Украина, Түркия, Азербайжан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индия жана Кыргызстан.
Белгилей кетсек, форумдун ачылышы 5-октябрда Бишкекте болгон.
Пикир
Оставить комментарий