• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн ИИМинин криминалдык блогунун жетекчилеринин кеңешмеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында КМШга катышуучу мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин криминалдык блогунун жетекчилеринин кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кеңешме “Заманбап шарттарда мамлекеттер аралык издөө, КМШга катышуучу мамлекеттердин ички иштер органдарынын кызматташтыгынын көйгөйлөрү жана артыкчылыктары” темасынын алкагында уюштурулду.

Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын ички иштер министрликтеринин, КМШга катышуучу мамлекеттердин аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча бюронун делегациялары катышты.

Кеңешменин башталышында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Улан Айтбаев алгачкы сөздү ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевге узатып, ал талкууга киргизилип жаткан көйгөйлөрдүн актуалдуулугу боюнча сөз сүйлөдү.

Андан соң КМШга катышуучу мамлекеттердин аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча бюросунун директору, полициянын генерал-лейтенанты О. Ф. Коновалов мамлекеттер аралык издөөнү практикалык ишке ашыруудагы көйгөйлөргө токтолуп, 9-августта Минск шаарында КМШга катышуучу мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин кеңешмеси тарабынан кабыл алынган негизги чечимдер жөнүндө маалымат берди.

Кеңешменин катышуучулары изделип жаткан адамдарды идентификациялоо үчүн заманбап технологияларды, мамлекеттер аралык издөөнү жүзөгө ашырууда жүздү таануу үчүн маалыматтык тутумдарды жана маалымат топтомдорун колдонуу тажрыйбасын карап чыгышты.

Кылмышкерлердин, дайынсыз жоголгондордун жана белгисиз өлүктөрдүн өздүгүн аныктоонун каражаты катары генетикалык маалыматтар, ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндөрдү криминалисттик каттоого алуу боюнча пикир алмашуу болду.

Андан сырткары, кылмыштардын бетин ачууну жана иликтөөнү камсыздоо максатында маалыматтар менен алмашуу, заманбап шарттарда мамлекеттер аралык издөөнү ишке ашыруу, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ички иштер министрликтеринин маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн аспектилерин жөнгө салуучу кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык макулдашуулардын жоболорун актуалдаштыруу боюнча бир катар маселелер талкууланды.

КМШга катышуучу мамлекеттердин ИИМ өкүлдөрү өз сөздөрүндө өз бөлүмдөрүнүн ишинин төмөнкү аспектилерине өзгөчө көңүл бурушту.

Кыргыз Республикасынын ИИМи дайынсыз жоголгон адамдардын жана белгисиз өлүктөрдүн өздүгүн аныктоодо заманбап технологияларды жана генетикалык маалыматты колдонуу тажрыйбасын жалпылоонун жана максатка ылайыктуулугун баса белгиледи.

Мамлекеттер аралык издөөнү жүзөгө ашыруу боюнча биргелешкен ыкчам иш-чараларды уюштурууда мамлекеттер аралык издөө чөйрөсүндө биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана криминалдык блоктун бөлүктөрүнүн өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушууларын Борбордук да, региондук да деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө издөө ишмердигинде адамдарды биометрикалык идентификациялоо тутумун жана транспорт каражаттарынын каттоо белгилерин колдонуу тажрыйбасын үйрөнүүнүн актуалдуулугу баса белгиленди.

Кеңешме иштиктүү жана достук маанайда өттү.

Катышуучулар иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМге ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий