Нарында ӨКМ жана Жарандык коргонуунун кызматтары тарабынан жаз айларында күтүлүүчү суу ташкындарынын алдын алуу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 17-февраль Кабар. 2017-жылдын 16-февралында КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Кайыповдун жетекчилиги менен облустук Жарандык коргонуунун атайын машыгуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирүүдө.

Машыгуу, жаз айларындагы сел агындарына даярдык көрүү максатында Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарандык коргонуу комиссиясынын төрагасынын жетекчилиги астында өткөрүлгөн жыйын алкагында өткөрүлдү. Жыйында, жаз айларында күтүлүүчү суу ташкындардын, сел каптоолордун алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн күч каражаттарды даярдыгын камсыздоо маселелери каралып, тиешелүү жарандык коргонуу кызматтарына тапшырмалар коюлган эле.

2017-жылдын 16-февралында өткөрүлгөн машыгууда Жарандык коргонуунун башкаруу курамын чогултуу үчүн кабарлануу схемасы жаңыланып, Жарандык коргонуу кызматтарынын инженердик жана атайын техникаларынын даярдыгын карап чыгышты.

Машыгуунун соңунда Жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы боюнча кетирилген кемчиликтерди жоюу үчүн тапшырмалар коюлду.

Ал эми ушул эле күнү атайын түзүлгөн комиссия Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор райондорундагы техникалардын, күч каражаттардын даярдыгын текшерүү үчүн жөнөп кеттишти.

Пикир

Оставить комментарий