Чолпон-Атада КМШ ПААнын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын кезектеги отуруму өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.06.23./Кабар/. Күн мурун Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Контролдук-бюджеттик комиссиясынын кезектеги отуруму өттү.

ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, жыйындын күн тартибинде КМШ ПААнын ишмердүүлүгүн каржылоо, бюджетин түзүү жана аны аткаруу маселелери каралды.

Иш-чаранын ачылышында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева сөз сүйлөп, өткөрүлүп жаткан отурумдун маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле мамлекеттер аралык байланышты чыңдоодо парламенттик диалогдун ролу чоң экенин белгилеп, КМШ ПААнын алкагында аткарылчу иштерге токтолду. Муну менен катар Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия жана Өзбекстан мамлекеттеринен келген ассамблеянын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын мүчөлөрүнө ийгиликтерди каалады.

Ал эми отурумдун картышуучуларына экономика министри Данияр Амангелдиев кыргызстандын учурдагы социалдык-экономикалык абалы тууралуу кеңири маалымат берди. Андан сырткары, Демократияны, парламентаризмди өнүктүрүүгө жана КМШга мүчө мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг жүргүзгөн эл аралык институттун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн баяндамасын угушту.

Жыйындын соңунда комиссиянын мүчөлөрү КМШ ПААнын 2023-жылга карата сунушталган иш планын бекитишти.

Эскерте кетсек, КМШ ПААнын Контролдук-бюджеттик комиссиясынын кезектеги жыйыны комиссиянын төрагасы, депутат Искендер Матраимовдун демилгеси менен Чолпон-Ата шаарында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий