• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто 300 мегаваттык күн станциясы курулат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ошто 300 мегаваттык күн станциясы куруларын Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, эки жума мурун Ошто кыргыз-орус инвестициялык форум өткөн.

“Анда 300 мегаваттык (МВт) күн станциясын курууга кол коюлуп, старт берилди. Бүгүнкү күндө долбоордун үстүнөн иш жүрүүдө”, - дейт ал.

Ибраев жакында электр эсептегичтер менен трансформаторлорду өндүрүү боюнча ишкана ачыларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий