Чолпон-Атада Кыргызстан менен Швейцариянын ТИМ башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

Саясат 0

Бишкек, 03.07.24./Кабар/. Бүгүн, 3-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Чолпон-Ата шаарында Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы – Швейцариянын Федералдык кеңешчиси Иньяцио Кассис менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу Иньяцио Кассистин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында өттү.

Министр Жээнбек Кулубаев белгилегендей, Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассистин алгачкы иш сапары эки тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө түрткү берет.

Ошондой эле Кулубаев Швейцария 32 жылдан бери Кыргызстандын ишенимдүү досу жана өнүгүү боюнча өнөктөшү болуп келгендигин жана кала берерин баса белгиледи.

Ошону менен бирге Федералдык кеңешчи Иньяцио Кассиске Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өлкөнүн учурдагы экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берилди.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө чоң роль ойногон швейцариялык долбоорлорду Кыргызстанда ишке ашыруунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. "Мисалы, учурда ишке ашырылып жаткан 2022-2025-жылдарга карата "Кыргызстан – Швейцария" кызматташтык программасы 80 млн швейцариялык франк өлчөмүндөгү долбоорлор инклюзивдик жана туруктуу экономикалык өнүгүү, адам укуктары, мамлекеттик башкаруу жана кызматтарды көрсөтүү, климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстары сыяктуу тармактарды камтыйт", - деди министр.

Өз кезегинде Иньяцио Кассис учурда 2025-2028-жылдарга кызматташтык программасынын долбоору иштелип жаткандыгын билдирди.

Экономикалык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулап жатып, министр Жээнбек Кулубаев 2023-жылы өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 1,1 млрд АКШ долларына жеткендигин жана тараптар бул көрсөткүчтү сактап калуу, ошондой эле өз ара сооданы мындан ары жогорулатуу боюнча чараларды көрүү зарылдыгын канааттануу менен белгиледи.

Экономикалык кызматташтыкты чыңдоо алкагында тараптар Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын, ошондой элеШвейцарияда бизнес-форум өткөрүүнү макулдашты.

Инвестициялык кызматташууга токтолгон министр Жээнбек Кулубаев швейцариялык компанияларды Кыргызстанга чакырып, өзгөчө 1996-жылдан бери Швейцариянын "Сүт Булак" компаниясы Ысык-Көл облусунда ийгиликтүү иштеп, Dairy Spring бренди аркылуу жогорку сапаттагы продукцияларды чыгарып жаткандыгын айтты.

Швейцариялык тарапка банк секторунда, мамлекеттердин банк мекемелеринин ортосунда корреспонденттик эсептерди ачуу жагынан кызматташууну активдештирүү сунушталды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө энергетика тармагындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, Федералдык кеңешчи Иньяцио Кассиске Дүйнөлүк банктын активдүү жардамы менен 2024-жылдын 10-11-июнунда Вена шаарында өткөн Камбар-Ата-1 ГЭС куруу долбооруна арналган эл аралык энергетикалык форумдун жыйынтыктары тууралуу кыскача маалымат берилди. Бул контекстте министр Жээнбек Кулубаев кесиптешинин көңүлүн аталган форумдун жыйынтыгы боюнча координациялык донордук комитет түзүү чечими кабыл алынганына бурду.

Ошондой эле швейцариялык тарап 2023-жылы Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча 20 млн швейцариялык франк өлчөмүндөгү долбоорду ишке ашыргандыгына ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда швейцариялык тарапка "жашыл" энергетика боюнча кызматташууну активдештирүү сунушталды.

Тараптар туризмди өнүктүрүү жана креативдүү экономика жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелерин дагы талкуулашты.

Андан сырткары, өлкөлөрдүн географиялык окшоштугун белгилеген министр Жээнбек Кулубаев бүгүнкү күндөгү "тоо" күн тартибинде турган маселелерди көтөрүп, Швейцарияны 2027-жылга белгиленген Бишкек Тоо Саммитин биргелешип уюштурууга чакырды.

Буга кошумча Кыргызстан менен Швейцариянын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине токтолуп, бул багытта оң динамика бар экенин белгилешти.

Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуулар болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Жээнбек Кулубаев менен Иньяцио Кассис басма сөз өкүлдөрүнө билдирүү жасашты.

Пикир

Оставить комментарий