• 87
  • 91.29
  • 0.84

Чолпон-Атада ШКУга мүчө мамлекеттердин юстиция министрлеринин VI кеңешмеси башталды

Саясат 0

Чолпон-Ата, 24.08.18. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында КР юстиция министринин милдетин аткаруучу Максатбек Эсеналиевдин төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин юстиция министрлеринин VI кеңешмеси башталды.

Аталган иш-чарага Индиянын укук жана юстиция министринин орун басары С.Чандра, Казакстандын юстиция министри М.Бекетаев, Кытай Эл Республикасынын юстиция министринин орун басары Ю.Шухунг, Пакистан Ислам Республикасынын Казакстандагы элчиси Имтияз Ахмад Кази, Россиянын юстиция министри А.Коновалов, Тажикстандын юстиция министри Р.Шохмурод, Өзбекстандын юстиция министри Р.Давлетов катышууда.

Ошондой эле Афганистандын юстиция министри Абдул Басир Анвар, Беларустун юстиция министри О.Слижевский, Ирандын юстиция министри С.Авайи, Монголиянын ички иштер жана юстиция министри Н.Цэнд байкоочу катары катышууда. Андан сырткары ШКУнун башкы катчысынын орун басары Н.Аккошкаров да келген.

Кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар ШКУга мүчө мамлекеттердин юстиция министрлеринин V кеңешмесинин жыйынтыктары боюнча келишимдерди ищке ашыруу боюнча юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын жыйынтыктарын чыгарышат. Юридикалык жана физикалык жактарга юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча маселелер талкууланат.

Ошондой эле иш-чарада ШКУга мүчө мамлекеттердин юстиция министрликтеринин эл аралык коопсуздуктун заманбап коркунучтарын жайылтууга каршы аракеттенүүдөгү ролу боюнча маселе каралат.

Пикир

Оставить комментарий