• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КР делегациясы Ташкентте Афганистан боюнча эл аралык конференцияга катышат

Саясат 0

Ташкент, 26.03.18. /Толонбай Курбанов - Кабар/. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган Кыргызстандын делегациясы Ташкентте Афганистан боюнча “Тынчтык процесси, коопсуздук жана аймактык өз ара аракеттешүү тармагында кызматташуу” эл аралык конференциясына катышат. Бул тууралуу КРнын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын программасында “Борбор Азия - Евро биримдик” форматында министрлик жолугушуу каралган, ошондой эле эки жактуу жолугушуулар пландалууда.

Афганистан боюнча эл аралык конференциянын негизги иш-чаралары 27-мартта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий