Чоро Сейитов эл аралык White & Case LLP юрфирмасынын өкүлдөрү менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов White & Case LLP америкалык эл аралык юридикалык фирманын өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалмдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган учурдагы экономикалык реформалар жана демилгелер жөнүндө кыскача маалымат берди. Ал Кыргызстанда жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөрдүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда энергетика, инфраструктура, IT-технологиялар жана өнөр жай өндүрүшү сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Ошондой эле тараптар кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти жана бул стратегиялык маанилүү секторлордогу биргелешкен аракеттер Кыргызстандын экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө олуттуу өбөлгө түзөөрүнө макул болушту.

Мындан тышкары, талкуунун жүрүшүндө АКШ багыты боюнча экспортту кеңейтүү жана продукциянын потенциалдуу түрлөрүн диверсификациялоо мүмкүндүгүнө көңүл бурулду.

Белгиленгендей, бул өлкөлөр ортосундагы соода байланыштарын чыңдап гана тим болбостон, эл аралык рыноктордо алардын катышуусун кеңейтүү менен жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүк мамилелердин бекемделиши өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти. Алар диалогду улантуу жана белгиленген пландарды ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий