• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Улуттук банк тарабынан бүгүнкү күнгө чейин 138 кг алтын сатылды

Экономика 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. КР Улуттук банкы тарабынан бүгүнкү күнгө чейин 380 млн сомго 138 кг алтын сатылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор ийгиликтүү ишке ашты жана мындар ары да улантылат.

“Өткөн аптада ЖК айрым депутаттар тарабынан демилгегенген мыйзам долбоорду четке катты. Мыйзам долбооруна ылайык, Улуттук банк өлчөмдүү алтын куймаларын четтен киргизүүдө кошумча нарк салыгынан бошотулушу каралган. Белгилүү болгондой, жүз граммдык куймаларды “Кыргызалтын” чыгарат. Парламентте чакан өлчөмдөгү алтын куймаларын эмне үчүн өз өлкөбүздө чыгарбай жатканыбызды сурашты. Бул кошумча жабдыктарды талап кыларын белгилеп кетүү керек, “Кыргызалтындын” кубаттуулугу жетпейт. Учурда биз “Кыргызалтын” менен бул тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз, бул маселе чечилет деп ойлойбуз”,-деди ал.

Ошондой эле, Т.Абдыгулов буга Улуттук банк акча салышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий