• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чуңкурчакта Оштун делегациясы этноайыл жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн тартуулады

Аймак 0

Бишкек, 31.08.22. /Кабар/. Чүй облусунун Чуңкурчак жайлоосунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган салтанаттын алкагында Ош шаарынын этноайылы ачылды. Ош шаары Чуңкурчак жайлоосундагы этноайылдын ачылышында түштүк борбордун кол өнөрчүлөрүнүн 7 боз үйүн жана көргөзмөсүн тартуулады.

Мындан тышкары боз үйдү чечүү боюнча сынактын алкагында бир боз үй тигилет. Иш-чаранын коноктору жана туристтер үчүн Оштун кол өнөрчүлөрүнүн буюмдары, анын оригиналдуулугу жана этномаданияты, этностордун жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери, металлдан, жыгачтан, булгаарыдан жасалган көркөм буюмдардын көргөзмөсү тартууланды.

Ош шаарынын делегациясы тарабынан улуттук тамак-аштын жана улуттук кийимдердин ондогон түрлөрү көрсөтүлөт. Ал эми жаштардын бий жана чыгармачыл топтору бир катар улуттук бийлерди тартуулашат. Оштун белгилүү дизайнерлери “Этномода” стилиндеги кийимдердин көргөзмөсүн өткөрүшөт, ага 14 жаштан 70 жашка чейинки моделдер катышат. Чыгармачылык көрсөтүүлөргө шаардык маданият бөлүмүнүн, Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын жана “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун жамааттары катышууда.

Жалпысынан Ош шаарынын командасы 7 мелдешке тең катышуу үчүн бардык мелдештерге активдүү даярданууда.

Белгилей кетсек, Ош шаары эзелтеден эле кол өнөрчүлөрү жана алардын жасаган буюмдары менен белгилүү. Улуу Жибек Жолунун борбору болгон шаардын кол өнөрчүлөрү жыгачтан, металлдан, таштан, чоподон, кебезден, кийизден, жибектен жана башка нерселерден түрдүү буюмдарды жасашкан.

“Оштун командасынын негизги милдети — кыргыз элинин маданий өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү, анын тарыхый жана маданий потенциалын кайра жандандыруу”, - дешет Ош шаарынан келген делегациянын өкүлдөрү.

Белгилей кетсек, 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында “Ынтымак” фестивалы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Республиканын 5 облусунан жана 2 шаарынан боз үйлөр тигилип, концерттик программа тартууланат. Мындан сырткары улуттук спорттун салбуурун, ордо түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий