• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тогуз-Тородо “Балдарды зордук-зомбулуксуз тарбиялоо” аттуу тегерек стол өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Тогуз-Торо РИИБнин кызматкерлери Казарман айылындагы №2 мектептин мугалимдери менен биргеликте «Зордук-зомбулуксуз тарбиялоо» аталышындагы ата-энелер катышкан тегерек стол уюштурушту. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө балдарды зомбулуксуз тарбиялоо, мектеп рэкетчилиги, топтошуп мушташуулардын алдын алуу багытындагы маселелер талкууга алынды. Милиция тарабынан ата-энелерге балдарын айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа айдатпоо керектиги, түнкү убакыттарда зарыл жумуш болбосо көчөгө чыгарбоо, сабактан сырткары өспүрүмдөргө көзөмөл салып туруу керектиги эскертилди.

Жаштарды туура жолго багыттоо жана ата-энелерге балдарын зомбулуксуз тарбиялоо максатындагы алдын алуу иштери район аймагындагы Табылгы жана Кара-Суу айылдарында дагы улантылды. Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын интернет тармагына көп көңүл бурбай, мыкты билим алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакырышты. Ошондой эле мекенди сүйүүгө, кызмат кылууга жана ата-энелерге сылык мамиледе болууга үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий