• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ала-Бука районунда 12 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Ала-Бука районунда 12 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондун "Водохранилище-Шекафтар-Пап" жолунун 12 чакырым аралыгына асфальт төшөлөт. Учурда жол тегиздөө иштери жүрүп, ага 18 атайын техника тартылган.

Жумуш аткарууну "Амантур-Сервис Строй" ЖЧКсы тендер аркылуу утуп, анын жалпы баасы 124 млн сом деп бааланган. Сарпталуучу каражат райондун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.

Асфальттоо иштери бүткөрүлсө Ала-Бука районун 1-Май, Көк-Таш, Көк-Серек жана Чаткал районунун Сумсар айылдарынын 30 миңден ашуун калкынын райондун борборуна баруучу каттамы жеңилдейт.

Пикир

Оставить комментарий