• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында эки көчөгө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында эки көчөгө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоодон өткөн Э.Мазков жана Ф.Тешебаев көчөлөрүнүн ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.

Жалпы узундугу бир чакырымга чукул аралыкты түзгөн Э. Мазков жана Ф. Тешебаев көчөлөрүн асфальттоого жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, асфальттоо жумушу мэриянын Жол башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарында 20 чакырым жолго асфальт төшөө, 13 чакырым тротуар куруу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий