Чуй облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 97,6 млн сом жумшалды

Экономика 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Чүй облусу боюнча 2023-жылдын 11 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 97,6 млн сом суммасында 52 долбоор каржыланган.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар:

  • 25 мектепке – 48,1 млн сом;
  • 2 саламаттыкты сактоо мекемелерине - 3 млн сом;
  • 8 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектине 16,9 млн сом
  • 2 спорттук курулушка – 2,4 млн сом;
  • 10 маданий маанидеги объектиге – 19,2 млн сом;
  • 5 бала бакчага – 8 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий