Оштун мэри Жапалак айылындагы курулуштар менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Орке айылында курулуп жаткан футбол аянтчасынын курулушун көрдү.

Узундугу 40, туурасы 20 метрди түзгөн футбол аянтчасынын курулушу үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталган.

Мындан сырткары Орке айылындагы Курманжан-Датка көчөсүндөгү узундугу 800 метрди түзгөн жолго асфальт төшөө иштери менен дагы таанышты.

Ал эми айылдагы №60 «Арча Бешик» бала бакчасы оңдоп түзөөгө муктаж. Бакчаны көрүп чыкан соң тиешелүү кызматтарга жакынкы аралыкта шартын жакшыртуу боюнча жумуштарды алып барууну, кийинки жылга толук оңдоп-түзөө боюнча иш планга киргизүүнү тапшырды.

Бакытбек Жетигенов андан ары Пятилетка айылындагы М.Абжалова көчөсүн асфальттоо иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Жергиликтүү тургундар кайрылуусун четке какпай элдин өтүнүчүн орундатып жатканы үчүн мэрге ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий